Чон Кеминдин тоолорунда эмнелер жашынып жүрөт
«ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркындагы фотокапкандар сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды кайрадан каттады. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, Көк-Ойрок корук аймагында орнотулган фотокапкандардагы маалыматтарды егерлер менен илимий кызматкерлер текшерип чыгышты. Тартылган сүрөттөрдөн Кыргызстандын Кызыл китебине кирген ак илбирс, ошондой эле сүлөөсүн, карышкыр, каман, тоо эчки, улар жана башка жапайы жаныбарлар менен канаттуулар аныкталган. Адистер бул маалыматтар Чоң-Кемин аймагындагы жаратылыш экосистемасынын жакшы абалда экенин жана биологиялык ар түрдүүлүк жогорку деңгээлде сакталып жатканын далилдей турганын белгилешти. Биздин сайт - https://www.erkin-too.kg/ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCaH8bxwr7KnLMvFljIPahZA #кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат
Название:
Чон Кеминдин тоолорунда эмнелер жашынып жүрөт
Категория:
Разное