Видео-релиз 24.05.2019ж._кыргыз тилинде
Ош облусунун прокуратурасы тарабынан 11 млн. 381 миң 910 сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген зыян аныкталды. Ош облустук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында түзүлгөн «Ишкер» микрокредиттик ишканасында текшерүү жүргүзүүдө мыйзам бузуучулуктар аныкталган. Аталган ишкананын кызматкерлери 2010-2018-жылдардын аралыгында кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, насыя алган жарандар кайтарып төлөгөн акча каражаттарын системалуу түрдө өздөрүнө ыйгарып алышкандыгынын натыйжасында мамлекетке болжол менен 11 млн. 382 910 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош облустук прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 21-майында чогултулган материалдардын негизинде аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндөгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү үчүн тергөө органына тапшырылды.
Название:
Видео-релиз 24.05.2019ж._кыргыз тилинде
Категория:
Разное