ИИМ: Нурбек Абдиев жана БУУнун БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы жолукту
Бүгүн, 2024-жылдын 9 -октябрында ИИМде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезневдун жолугушуусу болду. Тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Абдиев белгилегендей, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашырууда кызматташуу жана күч-аракеттерди бириктирүү жакынкы келечекте Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукту жок кылуу боюнча мамлекеттик, укук коргоо органдарынын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн ишин бириктире турган натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө мүмкүндүк берээрин белгиледи. БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев өз ара мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. ИИМдин Басма сөз кызматы
Название:
ИИМ: Нурбек Абдиев жана БУУнун БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы жолукту
Категория:
Разное