ИИМдин Республикалык окуу борборунда мамлекеттик тилге арналган тегерек стол болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонууну өркүндөтүү жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонууну өркүндөтүү, кызматтык иш кагаздарын кыргыз тилинде сапаттуу жүргүзүү жана кызматкерлердин тилдик сабаттуулугун жогорулатуу. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жанатил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Айбек Орозакунов, Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гулнара Ибраимова , ошондой эле жана башка мамлекеттик тил, билим берүү, илим, укук коргоо жана коргонуу тармактарынын өкүлдөрү катышып, өз баяндамалары менен чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык документтерди мамлекеттик тилде жүргүзүү, укуктук документтердин тилдик сапатын камсыз кылуу, кесиптик терминологияны бирдей колдонуу жана кызматкерлердин кыргыз тилинде иш алып баруу көндүмдөрүн өркүндөтүү маселелери талкууланды. Иш-чаранын алкагында Республикалык окуу борборунун атайын адистештирилген окуу класстары тааныштырылып, Мамлекеттик тил күнүнө карата талапкерлер тарабынан даярдалган дубал гезиттердин көргөзмөсү уюштурулду. Тегерек столдун жыйынтыгында ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонуу маданиятын жогорулатуу жана кызматтык иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү боюнча сунуштар белгиленди. Иш-чаранын соңунда Борбордун талапкерлери тарабынан мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана мамлекеттик тилди даңазалоого багытталган маданий программа тартууланды. ИИМдин Басма сөз кызматы
Название:
ИИМдин Республикалык окуу борборунда мамлекеттик тилге арналган тегерек стол болуп өттү
Категория:
Разное