6 тилде сүйлөгөн айым Бельгияда мектеп ачты | Эльнура Эриковна | Кыргызстан айымдары
Бул чыгарылышта биз Бельгияда жашап, билим берүү тармагында иштеп жаткан Эльнура Эриковна менен мазмундуу маек курдук. Ал 6 тилде эркин сүйлөп, Европада билим берүү долбоорлорун кантип ишке ашырып жатканын, Бельгиядагы билим берүү системасын жана онлайн окутуунун артыкчылыктарын бөлүштү. Маекте кыргыз айымдарынын чет өлкөдө жашоосу, каада-салтты сактоо, Бельгия менен Кыргызстанда кезектешип жашоо, жеке мектептердин абалы, университеттердин келечеги жана бүгүнкү күндө билимге болгон көз караш тууралуу ачык сөз болду. Ошондой эле «Супер мозг» программасы, мээни машыктыруу ыкмалары, фокус, социалдык тармактардын таасири, адамдын потенциалын ачуу, трансформациялык оюндар жана айымдардын ички дүйнөсү тууралуу пайдалуу ойлор айтылды. Ведущий — Анжелика Кайратовная. Бул чыгарылыш өзүн өнүктүрүүгө, билимге жана глобалдык ой жүгүртүүгө кызыккандар үчүн пайдалуу Байланыш: ➡️маалымат алам : https://taplink.cc/elnura.ai 00:00 Башталышы 4:32 6 тилде эркин сүйлөй алам 6:47 Кантип Бельгияга барып калдыңыз? 8:01 Кыргыз айымдар каада-салтты бекен сакташат? 8:47 Кезеги менен Бельгияда да, Кыргызстанда да жашайбыз 9:15 Онлайн окутуунун артыкчылыктары 10:39 Бельгиядагы билим берүү системасы 13:36 Университеттер жоюлуп кетүүсү мүмкүнбү? 14:46 Жеке мектептер бала бакчалардай болуп калышты 15:53 Көп окуу ийгиликке барабар эмес 16:52 «Супер мээ» программасы 18:29 Колдогон айлана-чөйрө менен мүмкүнчүлүктөр ачылат 20:01 Мээни кантип машыктырса болот? 22:24 Эмне себептен көп соцтармактардан видео көрбөш керек? 24:22 Фокус болсо, баарына жетишсе болот 26:26 Адамдарга эркиндик берүү менен потенциалын ачса болот 27:48 Кандай жаңы долбоорлорду ача алабыз? 29:26 Трансформациялык оюн кантип айымдарды ыйлатат? 30:57 Өзүбүздү алдабашыбыз керек 32:10 Сөзүбүздү жана көргөнүбүздү абайлашыбыз керек 33:29 Адам адамга келет 34:25 Анжелика: Бала кезимден дарыгер болгум келген 36:27 Позитив — ийгиликтин фундаменти 37:56 Канча убакта мээни машыктыруу мүмкүн? 39:02 Мээ машыктыруу курсунун адиси болуу мүмкүнбү? 40:30 Эркин микрофон 41:11 Автордук китебим тууралуу 44:54 Соңку сөз Подкасттын үстүндө иштегендер: Башкы оператор — Ажыкенов Калыс Монтаж редактору — Халжигитова Айзат Дизайн жана узундүлөр — Карыпбаев Мээриман Алып баруучу жана автор — Анжелика Кайратовна Подкасттын коногу болуу үчүн, кызматташуу жана коомго кошулуу үчүн: +996559120000
Название:
6 тилде сүйлөгөн айым Бельгияда мектеп ачты | Эльнура Эриковна | Кыргызстан айымдары
Категория:
Разное