Министрдин орун басары Нурбек Абдиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

12+
12+

3 просмотра

2 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

3 просмотра

2 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

3 просмотра

2 дня назад

Бүгүн, 2025-жылдын 13-февралында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда министрдин орун басары Нурбек Абдиев эки тараптуу кызматташуунун алкагында АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан адамдарды сатууга каршы аракеттенүүдө ички иштер органдарынын тиешелүү кызматкерлеринин квалификацияны жогорулатууга багытталган окуу курстарын, семинар, тренингдерди уюштуруп, өткөрүүгө жана материалдык-техникалык жардамдарды берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге жолугушууда адамдарды сатууга байланышкан кылмыштар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, алардын алдын алуу иштери, мындан тышкары баңги кылмыштарын, анын ичинде синтетикалык баңги заттарынын жайылышына каршы күрөшүү иштеринде кызматташуу маселелери талкууланды. Иш-чаранын соңунда тараптар мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгилешти. ИИМдин Басма сөз кызматы

Название:

Министрдин орун басары Нурбек Абдиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Категория:

Разное